Короновирус илдетинин кесепети тийип жумушсуз калган тургундар

8 Июль 2020 жыл 18:24
Количество просмотров: 52

Талас шаарынын тургуну Назгүл Анарбаева үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан баштап Талас шаарындагы таштанды тазалоочу жайга жумушка кирген.

Назгүл Анарбаева

Таштанды толгон жайда бети-башын чүмкөгөн жумушчулардын жылтыраган эки көзү эле көрүнөт. Колдоруна калың кол капты кийип алышып шише бөтөлкөлөрдү, темир-тезек, желим баштыктарды, бөтөлкөлөрдү, картондорду өз-өзүнчө жыйнап чогултушат. Анан таңгактап, Бишкекке жөнөй турган машинага салышат. Бишкектен бул таштандыдан чогултулган буюмдар кайра иштетилет. Талас шаарында таштандыны кайра иштетүүчү цех жоктугунан улам таштандыдан терилген тонналаган таңгактарды жумасына эки жолу Бишкекке КАМАЗ менен алып кетишет.

Желим бөтөлкөлөрдү таңгактоо

— Биз иштин кызуусуна кирип калганда 19-марттан баштап коронавирус оорусу чыкты деп карантин жарыяланды. Биз карантинге карабай эле иштеп жаттык. Тонналаган таштандыларды таңгактай бердик. Апрель айынын аягында бир күнү биз иштеген жердеги светти өчүрүп кетишти. Светке акча төлөйлү десек, биз жыйнаган таштанды Бишкекке киргизилбей, акча жок болуп, караңгы жерде иштей албай ишибиз убактылуу токтоп калды. Айлыгыбызды ала албай олтурабыз, -дейт Назгүл эже.

Жазында Талас шаарынан чыккан таштандылар, шаарга жакын жайгашкан айылдардын дагы акыр-чикирлери төгүлгөн таштанды аянты кадыресе тазалана түшкөнү байкалган. Азыр кайрадан таштанды көбөйүп, быкшыган түтүн каптап, желим баштыктар шамалга учуп талааны каптап жатат.

-Мурдагыдай бакалашка тербей калдык, таштанды көбөйгөндөн көбөйдү. Учурда таштандынын арасынан темир-тезектерди терип өткөрүп, күнүмдүк оокатыбызды табабыз,-дейт маектешим.

Бул таштанды тазалоочу жайда 9 киши иштечү. Азыр жумуш жоктугунан улам кароолчу гана күндүзү иштеп, кайсыл ишкана канча таштанды төккөнүн көзөмөлдөйт. Таштанды жайды түнкүсүн Назгүл Анарбаева кайтарат.

— Айлык албасам да түнкүсүн жалгыз жатып, ушул жерди кайтарам. Жумушубуз башталып калабы деп үмүттөнүп кете албай жүрөм. Жазында жакшы иштегенбиз, бул жерди иштеткен Янтарь аттуу бала күнүгө 500-1000 сомдон төлөп берчү. Акча жыйнап Казакстанда жашаган кыздарыма кетейин деген жакшы тилегим бар эле. Калган айлыгымды качан төлөп берет деп күтүп жүрөм. Эгер ушул коронавирус илдети чыкпаганда биз тынымсыз иштей бермекпиз. Талас шаары дагы таштандыдан арылып таза болмок.

-Жетекчибизди, кароолчуларыбызды кошкондо бул жерде 12 киши иштечүбүз. Эми минтип коронавирус илдетинин кесепети тийип, терип жыйнаган таштандыларыбызды Бишкекке киргизе албай башчыбыз да кыйналып жүрөт. Биз болсо акча таппай, жумушсуз калдык,- деди Назгүл эже.

Назгүл Анарбаева бир жарым жыл жумуш издеп барбаган жери калбай, акыры ушул таштанды тазалоочу жерден иш табылып кубанып иштеп жатканын, бирок, кубанычы көпкө созулбай кайрадан жумушсуз калганын айтты.

Бул таштанды таштоочу жайга күнүгө Талас шаарынан 2-3 рейс таштанды ташылып келет. Түнкүсүн электр жарыгы жок таштанды жайына уурданып таштанды таштагандардын айрымдары жол жээкке акыр-чикирди таштап кете беришет. Ошентип таштандыны кайра иштетүүчү цехи турмак, жарыгы жок таштанды таштоочу жайга учурда акыр-чикир үйүлүп, тазалаган эч ким жок, күн ысыкта жыттанып, желим баштыктары шамалга учуп адам чыдагыс абалга жетти.

COVID-19: Ишкерлердин иши солгундады 

Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь