Элдин аманаты-элге келип жатат

22 Июль 2020 жыл 19:14
Количество просмотров: 56

Бүгүн Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканага, күндүзгү дарылоочу жайга жана Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарына экиден, жалпы алты даана кычкылтек концентратору берилди. Аталган каражаттарды Баетов айылдык кеңешинин депутаты Курманбек Абакиров үй-бүлөсүнүн атынан бир концентратор, жеке ишкер Төрөгелди Жузуев концентратор менен бирге пульсоксиметр жана башка буюмдарды аймактык ооруканага тапшырды.

Ошондой эле айыл аксакалы Көчкөмбай Чымбаев 45миң сом акча каражатына эң керектүү болгон гепарин, цефтриаксион ж.б. дарыларды алып берди.

Аймактык ооруканага берилген кычкылтек концентратору жана мед.каражаттар

 

Солдон онго дарыгер Аида Көкөтаева, Көчкөмбай Чымбаев, акимдин орун басары Кенже Карагулова, жеке ишкер Төрөгелди Жузуев, Курманбек Абакиров

Ал эми Бакыт Мусаев аттуу жарандын каражатына сатылып алынган эки концентратор Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарынын ФАПна жеткирилди.

Концентраторду жана медициналык каражаттарды  Жаңы-Талап айылына тапшыруу

 

Концентратор жана мед.каражаттарды Көк-Жар айылына тапшыруу

“Квартал строй” фирмасынын жетекчиси Асыл Талипова аркылуу келген эки концентратор жана Сулайман ажы Ибраимканов тарабынан 20мин сомго зарыл дары-дарымектер алынып, күндүзгү дарылоочу жайга берилди.

“Квартал строй” фирмасынын жетекчиси Талипова Асыл Асанкарыевна аркылуу келген эки концентратор жана Сулайман ажы Ибраимканов тарабынан 20мин сомго зарыл дары-дарымектер

Райондун акиминин орун басары Кенже Карагулова: “ Элден келген аманатты элге берүү милдетибиз. Баарыбыз бул илдетти ынтымакта, биримдикте гана жеңе алабыз. Районго буга чейин да бир катар уул-кыздар колдон келген жардамын аяшкан жок. Элден айланса болот. Кырдаал кандай жагына өзгөрөрү белгисиз. Бирок биз бардыгына даяр турушубуз керек. Учурда район 30га жакын ушундай кычкылтек концентратору менен камсыз болду. Мындан сырткары дарыгерлер менен бирге эле медкызматкерлерге көңүл буруунун аракетиндебиз” дейт.
Кызыл-Белес айыл өкмөтүнө берилген бир кычкылтек концентратору “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин эсебине чогулган каражатка алынды дейт бирикменин төрагасы Кубанычбек Баялиев. Ошондой эле ал аталган жардамдар, кырдаалдан чыгуу иш аракеттери райадминистрация менен бирдикте жасалып жатканын кошумчалады.

Ак-Талаада жаштар кыйын кырдаалда четте калган жок
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь